Көргөндө оозду ачырып, таңгалдыруучу 15 сүрөт

Мындай сүрөттөрдү көргөндө көпчүлүк адамдар көбүнчө: “Чын элеби!?” – деп таңгалып калышат. Бирок бул ирээт көздөрүңүз сизди алдаган жок, бүгүнкү биз бөлүшүп жаткан бул сүрөттөрдө болуп жаткан бардык нерселердин пайда болушунун түшүнүктүү таржымалы бар. Бул жөнөкөй, табигый жана жасалма кереметтерге сизди бираз жаңылдыруусуна уруксат берүүңүздү сунуштайбыз. Себеби бул нерселер сиздин рахат алууңузга себепкер боло алышы мүмкүн.

1. Бул кишинин колу ишенилгиз таптаза суунун ичинде турат. Билегиндеги сызыкчага көңүл бурсаңыз, суу ошол жерден башталат.

2. Бул дарак кантип ушундай болуп өсүшү мүмкүн?

Себеби дарак жаракат алгандан кийин жарасын кабыгы менен жапканга аракет кылат. Бирок дарактын жарасы чоң болгондуктан, ал жаракытынын аягына чейин жеткенге аракет кылып кабыгын өстүрө берип, буралып калган.

3. Жер титирөөдөн кийин куткаруучулар жашоочуларды эвакуация кылып жатканда Тайвандын башчылары имарат кулабасын деп ушинтип кармап турушкан экен. Имарат эвакуация ийгиликтүү бүткөндөн кийин гана кулатылыптыр.

4. Бул найза тийип жабыркап, бирок ошого карабастан тирүү калган кийиктин кабыргалары. Сөөктөр найзанын тегереги менен өсө берген экен.

5. Бейсбол тобун таяк менен урганда ушундай болот экен

6.Укмуштуудай кыйын чыгарма: сүрөтчү кайра эритилген айнектен Леонардо да Винчинин “Богородица” деген сүрөтү чагылдырылган “кесилген бөлкөнү” жасаптыр.

7.Сүрөт тартылган айнектер канча айткан менен көп эле кездешет эмеспи, ал эми коонго тартылган оюмдарчы…

8. Жамгыр булуттары чоң жумшак пирамида сымал эмес, кара болуп бүт асманды жабыш керек да, туурабы?

9.Бороон менен ачык асман ортосундагы коркунучтуу түптүз  сызыкча.

10. Бул сүрөттө эки нерсе көз жобосун алат: столдогу күн желесин пайда кылган терезе жана идеалдуу кылып күн желесин түркүн түстөргө бөлүп койгон стулдун жөлөнгүчү

11.Бул гилейген жабышкак жандык эмне экенин билесизби. Бул чоңойгондо бака болуучу көнөкбаш.

12.Көзүңүз жаңылган жок, бул кишинин көзүнө түшкөн жарык кайра бизге тегерекчеде жайгашкан майда чекиттердей болуп көрүнүүдө

Бул көрүнүш көздүн түссүз алдынкы чел кабыгын алмаштырганда майда болот.

13.Бул 90 метрлик тепцич менен чыккыңыз келеби? Чыккыңыз келсе, анда бул тепкич Кытайда жайгашкан (Тайханшань тоосу)

14.Жалтыраган жылаан – Азиянын Түштүк-Чыгышындан болот. Бул жылаан жалтылдаганы жана уулуу эмес болгону менен багып алуу сунушталбайт

15.Дубайда жайгашкан Бурдж-Халифа имаратынын эң өйдөнкү кабаттарынын биринен болгон көрүнүш.

828 метр — оңой эмес!